15:04, 30 августа 2024, 24.kg

«Кыргызстан -Иран» футбол беттешинде Ала-Тоо аянтында фан-зона ачылат

5-сентябрда саат 20.00дө Ала-Тоо аянтында Иран менен Кыргызстандын футбол боюнча курама командаларынын беттешин көрүү үчүн фан-зона ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бул дүйнөлүк чемпионатка тандоонун 3-турунда сапарын баштай турган улуттук курама командабызды колдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Конокторго бай шоу-программа, оюн аянтчалары, бетти боёо, сынактар ​​жана белектер тартууланат. Эстрада артисттери Баястан, Нило жана Айым Айылчиевалар катышат.

Иш-чарага кирүү акысыз.

Беттештин башталышы 22.00.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын «Азия» зонасы боюнча тандоо этабынын 3-туруна чыкты. 5-сентябрда Кыргызстан курамасы конокто Иран курама командасы менен беттешсе, 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстанды кабыл алат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18