12:30, 30 августа 2024, 24.kg

Жол кайгуул кызматы Эгемендүүлүк күнү коомдук транспортто жүрүүгө чакырды

Бишкек ШИИБдин Кайгуул-күзөт кызматы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо күнү жарандарды жана борбор калаанын конокторун коомдук транспорт менен жүрүүгө чакырды.

«31-август күнү Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Мындан улам ИИМ Патрулдук кызматы тыгындарды болтурбоо үчүн коомдук транспортту колдонууга чакырат», — деп айтылат кайрылууда.

Кайгуул кызматы жолдун жээгинде токтоп турган жана кыймылга тоскоол болгон унааларды эвакуацияланарын эскертти. Милиция бул чараларга түшүнүү менен мамиле жасап, кеңештерге кулак салууну суранат.

Буга чейин Жол кайгуул кызматы Бишкектин кайсы көчөлөрүндө унаа кыймылы жабылып, кайсынысына убактылуу чектөө киргизилерин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18