12:05, 30 августа 2024, 24.kg

Сурамжылоо: Садыр Жапаровго ишенимдин деңгээли 82,6 пайыздан 86,7 пайызга өстү

Президент Садыр Жапаровго болгон ишенимдин деңгээли 82,6 пайыздан 86,7 пайызга өстү. Мындай маалыматтар К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан өлкө калкынын арасында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгында келтирилди.

Сурамжылоо 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн утурлай жүргүзүлгөн. Анда жарандардын көз карашы жана маанайы өзгөргөнү көрсөтүлгөндүгү байкалган.Сурамжылоо өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүндүк берди.

Калктын Садыр Жапаровго болгон ишеними 82,6 пайыздан 86,7 пайызга өстү. Бул мамлекет башчынын жана анын командасынын ишмердүүлүгүн кабыл алуудагы оң динамикадан кабар берет.

БГУнун сурамжылоосунан

Сурамжылоого ылайык, респонденттердин басымдуу бөлүгү социалдык-экономикалык чөйрөдөгү оң өзгөрүүлөрдү белгилешти. Бул өкмөттүн жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча иш алып барып жатканын айгинелеп турат.

Сурамжылоого катышкандардын 87,5 пайызы жакынкы 5-10 жылда Кыргыз Республикасы ийгиликтүү, экономикалык жактан өнүккөн өлкөгө айланат деген ишенимин билдиришкен. Эң жогорку көрсөткүч — 89,9 пайызы негизинен 18-34 жаштагылар болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18