11:17, 30 августа 2024, 24.kg

Эскерте кетебиз: Кыргызстанда 2-сентябрь иш күнү болот

Кыргызстанда экинчи сентябрь иш күнү болот. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 31-август, ишемби күнүнүн эсебинен 2-сентябрь дем алыш күнү болушу керек болчу (Эгемендүүлүк күнү — 24.kg эскертүүсү). Эгерде майрам дем алыш күнгө туура келсе, кийинки иш күнү эс алуу болуп эсептелет.

Бирок кыргызстандыктар 5-январда бул күнгө чейин эс алгандыктан, 2-сентябрь иш күнү болот.

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин «2024-жылы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтому менен 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген. Андан кийин 2-сентябрдагы эс алуу күнү 5-январь жумуш күнүнө жылдырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18