09:48, 30 августа 2024, 24.kg

Мектептер кандай абалда пайдаланууга берилип жатат? Мамкурулуштун жообу

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу Биринчи радиого берген маегинде жаңы салынып жаткан мектептердин абалы тууралуу айтып берди.

«Буга чейин билим берүү министрлиги мектептерди жабдууга акча бөлчү. Бул алардын жүгү болчу. Азыр аларды биз куруп, жабдып жатабыз. Баарын сатып алабыз, жада калса полдун чүпүрөктөрү, бор өөдө камсыздайбыз. Буга чейин мектептерди жабдууга аз акча бөлүнүп, эмеректерге гана жетээрин элдин баары билет. Анан кайсы бир депутат же демөөрчү белек кылган бир-эки компьютерге сүйүнүштү», — дейт Талант Иманакун уулу.

Анын айтымында, азыр Мамкурулуш химия, физика, эмгек кабинеттерин бардык керектүү нерселер менен жабдып, 20-30 компьютерге чейин сатып алат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18