18:51, 29 августа 2024, 24.kg

Эдил Байсалов: «Өлкөдө 7 миң сомдон аз айлык алган пенсионер болбойт»

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов өлкөнүн пенсиялык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн сактык фондунун сапаттуу жана натыйжалуу иштешинин маанилүүлүгүн белгиледи.

2024-жылдын октябрынан тарта өлкөдө 7 миң сомдон төмөн пенсия алган пенсионерлер болбойт. Бул сактык фондунун кызматкерлеринин аркасында ишке ашты

Эдил Байсалов

 Ал сактык фонду мындан ары да жигердүү өнүгүп, алдыңкы технологияларды ишке киргизип, жарандарды социалдык жактан коргоону камсыз кылууга багытталган процесстерди өркүндөтөөрүнө ишеним билдирди. Ал фонддун ишинин ачык-айкындуулугунун жана отчеттуулугунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, булар коомдук ишенимдин жана ар кандай мамлекеттик структуранын ийгилигинин негизги элементтери экенин баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18