15:50, 29 августа 2024, 24.kg

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында ресторан ачылды

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында ресторан ачылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал кыргызстандыктарды кооз жаратылышынын кучагында тамактанууга чакырды.

«Ыңгайлуу атмосфера, таза аба жана укмуштуудай көрүнүштөр сиздин майрамыңызды унутулгус кылат. Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен келип, биздин даамдуу тамактарды даамдаңыз», — деп жазган Каныбек Туманбаев.

Буга чейин депутат Эльдар Сулайманов «Ала-Арча» улуттук паркын трансформациялоону жана ал жерге бизнес — объектилерин курууну сунуштаган. Кийинчерээк Каныбек Туманбаев 2023-жылы сейил бакка конок үйлөрү курула турганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18