15:10, 29 августа 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн имаратын курууга мезгил кутусун салды

Жалал-Абадда бузулган колониянын ордуна президенттин өкүлчүлүгүн жана мэриянын жаңы имаратын куруп башташты. Мезгил кутусун УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев салганын анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.

Эскерте кетсек, бул жерди мурда № 10 түзөтүү мекемеси ээлеп келген. Ал бузулуп, 7,6 гектар аянтка облустук администрация жана муниципалитет үчүн имарат курууну чечишкен. Түзөтүү мекемеси Базар-Коргон районуна көчүрүлгөн.

Сүрөттү тарткан Өткүрбек Рахманов

Курулушту 2025-жылы бүтүрүү пландалууда. Ага мамлекеттик бюджеттен 1,6 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Бузулган түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат, соода жана оюн-зоок комплекси, музей жана сейил бак курула турганы мурда маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18