14:29, 29 августа 2024, 24.kg

Кыргызстанда 100гө жакын авариялык мектеп бар

Кыргызстанда 100гө жакын авариялык мектеп бар. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу билдирди.

Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссия өлкөдө 200 авариялык мектепти аныктаган. Алардын жарымы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Дагы 100гө жакын мектеп калды.

Талант Иманакунов Араб өнүктүрүү фонду жабыркаган мектептерди калыбына келтирүүгө жардам берерин билдирди.

«Алардын эски мектептерди калыбына келтирүү программасы бар. Ал үчүн фонд 50 миллион доллар бөлөт. Бул акча 34 мектепти калыбына келтирүүгө жумшалат. Сентябрь айында ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштайбыз», — деди Иманакун уулу.

Белгилей кетсек, бул мектептерге бөлүнгөн каражаттын экинчи траншы болуп саналат. Фонд 2019-жылы Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук районунда 28 мектептин курулушуна 30 миллион доллар бөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18