13:48, 29 августа 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев : «Коррупция күрөшүнөн түшкөн акчага ипотекалык үйлөр курулууда»

«Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчаны ипотекалык үйлөрдү курууга жумшап жатабыз», — деп билдирди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы бир нече көчөлөрдүн ачылышында. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.

Маалыматка ылайык, шаарда Азимов жана Ибраимов көчөлөрү асфальтталгандан кийин ачылды. Алар кеңейтилип, жашылдандырылып, жарыктандырылды. Азимов көчөсүндө тротуарларды куруу иштери уланууда.

Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундарга кайрылып, аларды Эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.

«Азыр биз жарандарды турак-жай менен камсыздоого өзгөчө басым жасап жатабыз. Быйыл Жалал-Абадда 1,5 миң үй-бүлө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлерге ээ болот. Келерки жылы 10 миң үй-бүлө үй алат. Ушундай эле үйлөрдү өлкө боюнча куруп жатабыз. Жыл ичинде Ошто 10 миң, Баткенде 5 миң үй-бүлөгө турак жай куруу пландалган. Бул объектилердин курулушуна биз коррупцияга каршы күрөштөн акча алып жатабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Азимов көчөсүнүн узундугу 3 чакырымды түзүп, 6 метрден 14 метрге чейин кеңейтилген. Акча мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18