09:09, 29 августа 2024, 24.kg

Бүгүн Криштиану Роналду УЕФАдан «Эң мыкты чабуулчу» сыйлыгын алат

Бүгүн, 29-августта португалиялык атактуу футболчу Криштиану Роналдуга Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир катары УЕФАнын президенти Александр Чефериндин атайын сыйлыгы ыйгарылат. Бул тууралуу маалымат УЕФАнын сайтында жарыяланды.

Ага сыйлык Монакодо Чемпиондор Лигасынын 2024/25-жылкы тайпалык баскычынын чүчү кулак таштоо аземинде тапшырылат.

Белгилей кетсек, мурдагы «Спортинг», «Манчестер Юнайтед», «Реал Мадрид» жана «Ювентустун» чабуулчусу Чемпиондор Лигасында 183 оюнда 140 гол киргизген. Ал Лионель Мессиден 11 гол жана үчүнчү орунда турган Роберт Левандовскиден 46 гол алдыда турат. Азыр 39 жаштагы португалиялык саудиялык «Аль-Наср» клубунда ойнойт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18