10:16, 28 августа 2024, 24.kg

VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Өзбекстанда өтөт

Кийинки VI  Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  2026-жылы Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казакстандын Астана шаарында 8-сентябрынан 14-сентябрь аралыгында өтө турган V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы боюнча өткөргөн кеңешмесинде айтылды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө спортчулардын тийиштүү даярдыгын камсыз кылуу жана башка уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде оюндарды эфир аркылуу чагылдыруу, сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана канаттууларды салттуу Салбурун фестивалына катышуу үчүн алып барууга уруксат берүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылы Өзбекстанстанда өтө турган VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18