16:34, 27 августа 2024, 24.kg

Айпери Медет кызы күйөрмандарына кайрылды

Кыргызстандын улуттук олимпиадалык курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарынан кийин биринчи жолу күйөрмандарына кайрылды. Ал өзүнүн постун Instagram баракчасына жарыялады.

Photo 343239

Ал Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күрөшүп, 5-орунду ээлеген.

«Париждеги Олимп оюндарында мага эбегейсиз колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Максатыма жетүү үчүн мындан ары да бара берем. Сиздердин колдоонуздар менен», — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Эске салсак, ал Кытай жана Индиянын спортчуларын жеңип, андан кийин америкалык жана кубалык спортчуларга утулуп, жеңилүү ызасын тарткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18