15:09, 27 августа 2024, 24.kg

Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрөт

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-августтан 29-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

«Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Сиз өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз! Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп жазат ӨКМ.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18