14:17, 27 августа 2024, 24.kg

Үч жашар баланын сөөгү сегиз күндөн кийин табылды

Бүгүн, 19-августта дайынсыз жоголгон үч жашар Амирдин сөөгү Ысык-Ата районунда табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11.00 чамасында баланын жансыз денеси Кант районунун Чоң Чүй каналында жайгашкан түтүктөн табылган.

Эскерте кетсек, 19-августта милицияга Дружба айылында үч жашар баланын жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Андан кийин анын бут кийими БЧКнын жээгинен табылган. Баланын атасы уулун табууга жардам берүү өтүнүчү менен кыргыз элине кайрылган. Анын өтүнүчүнө жүздөгөн адамдар жооп беришти. Бир күн бою Чүй каналынын жетекчилиги, укук коргоо органдары жана ӨКМ кызматкерлери колдон келишинче колдоо көрсөтүп, ымыркайды издөөгө катышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18