16:22, 26 августа 2024, 24.kg

Кара-Көл шаарынын мэри кызматтан кетти. Ордуна ким келди?

Таалайбек Конкобаев Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Таалайбек Тажиматович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин башка тескемеси менен бул кызматка Орозбаев Нуртилек Орозбаевич дайындалды. Ал 33 жашта. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин спикери болуп иштеген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18