15:36, 26 августа 2024, 24.kg

Ошто каттамдардын бириндеги кичи автобустарды толугу менен автобустар алмаштырат

Ош шаарында эртең, 27-августтан тарта 49-муниципалдык линиянын автобустары каттайт. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустар № 149 маршруттук кичи автобустарды алмаштырат, бирок кыймыл багыттынын тартиби өзгөрбөйт.

Маршрут Мада айыл аймагынан Ош шаарынын «Түштүк-Чыгыш» кичи районуна чейин барат.

Линияда 19 аялдама бар.

Буга чейин Ош шаарында өзбек-кыргыз фондунун колдоосу менен сатылып алынган 25 автобус каттамга чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18