13:17, 26 августа 2024, 24.kg

Бүгүн Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин эки көчө ачылат

Бишкекте эки көчө капиталдык оңдоодон кийин ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жолду капиталдык оңдоодон кийин Кумарык  жана Трудовая көчөлөрүн ачалат.

Иш - чара  2024-жылга карата шаар жолдорун капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлдү.

 

«Кумарык  көчөсүнүн Трудовая көчөсүнөн Пишпек көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады. Трудовая көчөсүн капиталдык оңдоо иштери Москва көчөсүнөн Кумарык көчөсүнө чейин жүргүзүлдү», - деп билдиришти муниципалитеттен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18