10:45, 26 августа 2024, 24.kg

Ала-Тоо аянтында түстүү фонтандар ачылат

Ала-Тоо аянтында жалындуу фонтан пайда болот. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Жамгырчиева Фейсбук баракчасына билдирди.

Ал аянтты реконструкциялоо иштери кандай жүрүп жатканы боюнча берди. Тактап айтканда, имараттардагы терезелер алмаштырылып, өтмөктөрдүн үстүнө чатырлар орнотулуп, астына бак-дарактуу чоң гүлзарлар пайда болот.

Тепкичтердин гранити жылмаланып, тепкичтерде кыймылы чектелген адамдар үчүн пандустар пайда болду.

«Кара граниттен жасалган кичи фонтан зоналарын орнотуу иштери аяктады. Ортодо оттуу фонтандар болот. Түтүктөр тартылып, газ күйгүчтөрү орнотулду», — деди Назгүл Жамгырчиева.

Мындан тышкары сахна жана жабдуулар орнотулуп, Маданият министрлиги майрамдык программаны уюштурууда. Лазердик шоу болот деп күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18