14:05, 23 августа 2024, 24.kg

II Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын курамасы төрт медаль утту

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу жана II дүйнөлүк чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнүндө улуттук курама команда төрт медаль утту.

60 килограммга чейинки салмак ченинде Бегай Бейшенаалы кызы 1-орунду алса, анын кесиптеши Бегайым Акбалаева коло байгеге ээ болду.

65 килограммга чейинки салмак ченинде Айдана Кубанычбекова подиумга экинчи орунга көтөрүлдү.

65 килограммдан жогорку салмакта Назира Арызбекова коло байгеге ээ болду.

Бактияр Мирлан уулу ачык салмакта президенттин кубогуна ээ болсо, Бекболот Токтогонов 3-орунду ээледи.

Эске салсак, кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу жана II дүйнөлүк чемпионаты 23-августка чейин уланат. Мелдешке 35 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышууда. Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18