13:04, 23 августа 2024, 24.kg

Эгемендүүлүк күнүндө негизги майрамдык иш-чаралар Бишкекте өтөт

Эгемендүүлүк күнүндө негизги майрамдык иш-чаралар Бишкекте өтөт. Бул тууралуу 24.kg басылмасына президенттик аппараттан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, бул күнү кыргызстандыктар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын да белгилешет.

Бул датага карата жаңы администрация имаратынын, ошондой эле бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ачылышы күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, 2023-жылы негизги окуялар Ошто, 2022-жылы Чүй облусундагы Чуңкурчак капчыгайында болгон. Андан соң мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Мындан ары Эгемендүүлүк күнүн жыл сайын майрамдоону ар бир облуста салтка айландырууну көздөп жатабыз», — деп белгилеген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18