11:42, 23 августа 2024, 24.kg

Төө-Ашууда 40 килограмм сымап менен жаран кармалды

Чүй облусунун Төө-Ашуусунан 57 жаштагы жаран кармалып, тинтүү учурунда 40 килограмм сымап табылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкерлерине жеке адамдар Баткен облусунан уулуу заттын ири партиясын сатуу үчүн Бишкекке алып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү айдап бараткан унаа аныкталып, Төө-Ашуу ашуудан кармалган. Ал киши борбордо 40 килограмм сымапты 8 миң долларга сатууну пландаган.

Учурда уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18