12:49, 22 августа 2024, 24.kg

«Манас» аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок

«Манас» аэропортуна жардыруучу зат бар экени айтылган маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу 24.kg басылмасына мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жардыруучу зат тууралуу кабар бүгүн, 22-августта аэропорттун электрондук почтасына келген.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып, эч кандай күмөндүү зат табылган эмес.

Текшерүү аяктагандан кийин эвакуацияланган жүргүнчүлөр жана кызматкерлер аэропорттун имаратына кайтып келишти жана аэропорттун иши толугу менен калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, ушул сыяктуу окуялар үстүбүздөгү жылдын март, май, июнь айларында болуп, жардыруучу зат коюлган делген маалыматтар түшкөн. Бирок бул жолкудай эле маалымат жалган болуп чыкты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18