11:39, 22 августа 2024, 24.kg

Окумуштуулар желим шишелер кан басымга терс таасирин тийгизерин аныкташты

Австриядагы Кремс Дунай жеке университетинин окумуштуулары желим шишелерден ичүү кан басымдын көтөрүлүшүнө алып келерин аныкташты.

Профессор Мая Хенякович BILD агенттигине илимпоздор бир нече жыл мурун желим шишелерден ичүү менен адамдын ден соолугунун байланышын далилдегенин айтты. Эгер сиз мындай идиштерин тынымсыз суу ичсеңиз, анда бир жуманын ичинде каныңызга беш граммдай микропластика кирип калышы мүмкүн.

«Австриядагы пилоттук изилдөө мындай өлчөмдөгү пластик кан басымына таасир этээрин аныктады. Ал эми эки жумадан кийин желим шишелерден ичпей калган адамдардын кан басымы төмөндөйт», — деди изилдөө тобунун жетекчиси Хенякович.

Окумуштуулар желим шишелерге куюлган суусундуктардан баш тартуу керек деген тыянакка келишти — айнек же металл идиштерди тандоо менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтууга болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18