10:06, 22 августа 2024, 24.kg

12 жылдык билим берүүдө 5 баллдык система сакталат

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган «Алтын казык» мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар.

«Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана Билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети 2024—2028-жылдарга Кыргызстанда 12 жылдык мектептерде билим берүүнү этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-чаралар планын бекиткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18