17:20, 21 августа 2024, 24.kg

Түркияда тик учак кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү

Былтыр Түркиянын Измир аймагында токойдо өрт өчүрүү учурунда тик учак кырсыкка кабылып, эки кыргызстандык жаран каза болгон. Учурда алардын үй-бөлөсүнө кенемте төлөп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктаган тик учак «Транс Караван Кейгс» жоопкерчилиги чектелген коомго тиешелүү болгон. Аталган компания каза болгон эки адамдын үй-бүлөсүнө ар бирине 5 миллион 102 миң 246 сомдон бир жолку жөлөкпул түрүндө кенемте төлөп берди.

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаал 2023-жылдын 16-сентябрында болгон. Токойдогу өрттү өчүрүп жаткан өрт өчүрүүчү тик учак Измир провинциясында жайгашкан суу сактагычка кулап түшкөн. Учактагы Кыргызстандын үч жаранынын экөөсү каза болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18