15:44, 21 августа 2024, 24.kg

Ысык-Атада үч жашар бала дайынсыз жоголду. Анын бут кийими БЧКдан табылган

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дружба айылында Чоң Чүй каналында үч жашар баланы издеп жатышат. Видео социалдык тармактарга тараган.

Облустук ички иштер башкармалыгынан 24.kg басылмасына билдиришкендей, 19-августта бала жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күнү ал үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бул боюнча факты катталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөп кетти. Келгенден кийин БЧКнын жээгинен жоголгон баланын бут кийимин табышкан.

Издөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18