15:31, 20 августа 2024, 24.kg

Бишкек жашоочусунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды

Photo 342498

Бишкекте жеке үйдүн ээси тиричилик таштандыларын көп убакыт сактап келген. Коңшулары адам чыдагыс жыт боюнча Свердлов районунун акимчилигине арызданышкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач маселени чечүү үчүн үйдүн ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок натыйжа болгон эмес. Андан соң вице-мэр Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында комиссиянын иш сапары уюштурулду. Ага Свердлов райондук акимиатынын, шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, муниципалдык инспекциянын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана No18 МТУнун өкүлдөрү катышты.

Натыйжада шаардык кызматтар Суворов көчөсүндө жайгашкан жеке үйдөн 40 тоннага жакын тиричилик таштандыларын чыгарышкан.

Авто

 Тазалоого «Бишкек санитардык полигон», «Тазалык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынан 5 жүк ташуучу унаа жана 1 жүктөгүч тартылган.

Үй ээси менен санитардык нормаларды жана шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18