14:07, 20 августа 2024, 24.kg

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Бүгүн, 20-августта Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы аталган көчөнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктагандыгына байланыштуу унаа кыймылы үчүн ачылды.

Эскерте кетсек, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүн бойлой магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоодо. Бул долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18