17:03, 19 августа 2024, 24.kg

Окуучулардын билимин баалоо системасы өзгөрөт. 5тин ордуна 10 коюлат

Мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуучулардын билимин баалоо систамасы өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын концепциясынын долбоорунда айтылат.

Ага ылайык, 10 баллдык система окуучулардын билимин объективдүү жана дифференцияланган баалоого мүмкүндүк берет.

Беш баллдык баалоо системасы советтик мектептерде өткөн кылымдын 30-жылдарында киргизилген. Бул баалоо шкаласында мугалим формалдуу түрдө окуучуга 1ден 5ке чейин баа коюуга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок иш жүзүндө бул система үч баллдык система болуп саналат, анткени бир жана эки жыйынтыктоочу баага берилбейт.

Жаңы система так качан ишке кирери белгисиз, бирок 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө киргизилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18