15:05, 19 августа 2024, 24.kg

Жогорку Кеңештен дагы бир депутаты мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештен дагы бир депутаты мандатынан ажырады. Бүгүн, 19-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Мейкинбек Абдалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карап, өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратты.

Белгилей кетсек, Абдалиев Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты болгон. Ал буга чейин Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси болуп дайындалган Равшанбек Сабировдун ордуна Жогорку Кеңешке келген. Парламенттин алтынчы чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү болгон.

Бош калган мандат тизмедеги кийинки талапкер Арсланбек Эгембердиевге өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18