11:03, 19 августа 2024, 24.kg

Ысык-Көл районунда өзгөчө кырдаал режими кирди

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, Ысык-Көл районунун башчысынын 18-августундагы № 195 тескемесинин негизинде Ысык-Көл районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Белгилей кетсек буга чейин Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми Тоң жана Ысык-Көл райондорунда селден улам бир катар унаа жолдор, ошондой эле Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлоосуна барчу жол жабылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18