09:41, 19 августа 2024, 24.kg

Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жакка Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу комиссиясы барып, суунун нугун буруу үчүн Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн «Иштерман» муниципалдык ишканасынын казтамандуу экскаватору тартылды.

Ошондой эле Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел суулары Жууку унаа жолун каптап өтүп, кум шагылга толтурган. Аталган ички чарбалык унаа жолун тазалоо иштери Кызыл-Суу айыл аймагына тапшырылып, жүктөгүчтүн жардамы менен кыян суунун кесепеттери жоюлду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18