15:12, 16 августа 2024, 24.kg

Олжобай Шакирдин иши. Адвокаттар Жогорку Сотко кайрылышты

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин адвокаттары Жогорку Сотко аппеляциялык арыз менен кайрылышты. Бул маалыматты 24.kg басылмасына анын коргоочусу Бактыбек Автандил уулу тастыктады.

Буга чейин Аламүдүн райондук соту жазуучуну массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен беш жылга эркинен ажыратып, Чүй облустук соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Эске сала кетсек, Олжобай Шакир 2023-жылдын август айында кармалып, ошондон бери камакта. Ал «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакырган» деп айыпталууда. Жазуучу камакка алынар алдында Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга берүүгө каршы болгон.

Олжобай Шакирдин жактоочусу иштин материалдарында айыптоо үчүн далилдер жок экенин ырастады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18