Ысык-Көлдөгү жайлоодо чагылган түшүп, 60 баш кой өлдү
Тоң районунун Кичи-Аңги жайлоосунда чагылган түшүп, 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя бир күн мурун, 15-августта Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын үстүндөгү жайлоодо болгон.
Жайлоодо нөшөрлөп жааган жамгырда чагылган бир короо койго тийип, 60 баш кой өлдү. Чабан жабыркаган эмес.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге техника жете албагандыктан, койлордун өлүктөрүн алып чыгуу үчүн ветеринардык кызматтын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар ал жакка жөнөтүлдү.
Жергиликтүү бийликке жана ветеринардык кызматка атайын комиссия түзүп, окуя болгон жерге барып, сөөктөрдү көмүүнү уюштуруу тапшырмасы берилди.