18:28, 15 августа 2024, 24.kg

Социалисттик эмгектин баатыры Орозакун Мамбетакунов дүйнө салды

Социалисттик эмгектин баатыры Орозакун Мамбетакунов 84 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ал 33 жашында эң жогорку даражадагы Кыргыз Республикасынын Социалисттик эмгектин баатыры наамына татыган.

Орозакун Мамбетакунов 1940-жылы 5-октябрда Ат-Башы районунда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1957-жылы Баш-Кайыңды орто мектебин бүтүрүп, 1960-жылы Ача-Кайыңдыдагы СССРдин 50 жылдыгы совхозунда малчы болуп эмгек жолун баштаган. Ал ар бир ишти так аткарууга болгон аракетин жасаган, чынчылдыкты туу туткан кызматкер болгонун анын жасаган иштери далил боло алган. Өз ишинде көп узабай малдын санын көбөйтүүдө жана жүн алууда жогорку денгээлде көрсөтүп, башкы чабан болуп кызматы жогорулаган.

Башка чабандардан айырмаланып ар 100 койдон 140-160тан козу, ар бир койдон 4-5 килограммдан жүн кыркып алган.

Мындай тынымсыз аракеттин артында чабандардын арасынан эң мыкты көрсөткүчтөрдү берип, 33 жаш курагында «Социалисттик эмгектин баатыры» болуп, Кыргыз ССРинин «Мал чарбасына эмгек сиңирген устаты» наамына татыган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18