15:05, 15 августа 2024, 24.kg

Бишкектеги кампадагы өрт. ӨКМ эмне өрттөнүп жаткандыгын кабарлады

Бишкекте кампалардын жанында 6-7 метр куб жыгач күйүп жатат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Өрткө каршы кызматына Исакеева −6 дареги боюнча куураган чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерде өрт куураган чөптөн карагайга өтүп кеткени белгилүү болду.

Буга чейин Кулатов жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде кампа күйүп жатканы маалымдалган. 24.kg окурманынын айтымында, өрт саат 13.00дөр чамасында чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18