11:20, 14 августа 2024, 24.kg

Алай районунда тоо-кен байытуу комбинаты ачылды

Ош облусунун Алай районундагы Кызыл-Булак участкасында жайгашкан «Перити-Коал» көмүр казуучу ишканасынын тоо-кен байытуу комбинатынын ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Облус жетекчиси Элчибек Жантаев өз сөзүндө тоо-кен байытуучу комбинат башка көмүр өндүрүүчүлөргө дагы өрнөк болорун, топтолуп калган көмүрдүн майдасын кайра иштетүү менен экологияга зыян келтирбестен таза байытылган көмүр өндүрүү заман талабы экенин билдирди.

Маалым болгондой, 2004-жылдан 2023-жылга чейин казып алууда 1 миллион тоннадан ашык майда көмүр жана таштандылар топтолгон. Андан байытылган катуу отун алуу үчүн өткөн жылы республикада биринчи жолу ишкер 80 миллион сомго тоо-кен байытуу комбинатын курган. Пландуу эксперименталдык сыноолор өткөрүлүп, 25 жумушчу орун түзүлдү.

Белгилей кетсек, тоо-кен байытуу комбинатынын өндүрүмдүүлүгү суткасына 1 миң 200 тоннага чейин, ал эми айына 36 миң тонна таза зыянсыздандырылган байытылган көмүрдү өндүрөт

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18