11:45, 13 августа 2024, 24.kg

«Рух Ордо» маданий борборун сел каптады. Учурда аймак тазаланып жатат

«Рух Ордо» маданий борборунун аймагы селден кийин тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик кечээ саат 21.30дар чамасында катуу жааган жамгырдан улам кайрадан сел жүргөнүн эске салды. Сел суулары 1 дүкөндү, 7 турак жайды жана Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборун каптаган. Бактуу-Долонотуу айылындагы турак үйдүн жер төлөсүнө да суу кирген.

Эртең менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин жетекчилигинде 46 куткаруучу «Рух Ордо» маданий борборун тазалоо иштерин баштады. Жарандык коргонуу кызматынын эки инженердик техникасы тартылган.

«Борборду тез арада тазалоо үчүн кошумча күч катары Коргоо министрлигинен 75 куткаруучу жана техника тартылышы күтүлүүдө», — деп кошумчалады ӨКМ.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18