16:19, 12 августа 2024, 24.kg

Жыргалбек Мамаев Балыкчы шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды

Мамаев Жыргалбек Аскерович беш жылдык мөөнөткө Балыкчы шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка бүгүн, 12-августта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койду.

Жыргалбек Мамаев КР Конституциясынын 95-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18