14:05, 12 августа 2024, 24.kg

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 кызматкер тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда куткаруучулары тарабынан 25 турак жай тазаланып бүттү. Ысык-Көл районуна селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө ƟКМден 60 куткаруучу, 3 мотопомпа, мындан сырткары Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнөн 20 аскер кызматкер, Ысык-Көл районунун Жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, мэриядан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 2 жүктөгүч, жеке менчик 2 самосвал, 2 Хово тартылган.

Кечээ, Ысык-Көл облусунун бир катар аймагында сел жүргөн. Жалпысынан болжол менен 16 турак үйдү суу каптап , 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган.

Ысык-Көл облустук башкармалыгы жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18