08:34, 12 августа 2024, 24.kg

Париж-2024: Кыргызстандын спортчулары 2 күмүш 4 коло байге утту

Кыргызстандын курама командасы Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады.

Натыйжада Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болуп, 84 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.

Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышып, 6 медалга ээ болушту. Парижде эркин күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова, бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынышты.

Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков жана эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова коло медаль утушту.

Белгилей кетсек, кыргызстандын эсебинде эгемендүүлүккө ээ болгондон берки Олимпиада оюндарында 13: Сиднейде — 1 (коло), Пекинде — 3 (күмүш жана 2 коло), Токиодо — 3 (2 күмүш жана коло),Парижде — 6 (2 күмүш жана 4 коло) медаль бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18