23:33, 09 августа 2024, 24.kg

Париж −2024: Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 9-августта Париж Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова жарым финалда килемге чыкты.

Анда кыргыз балбан кызы 26 жаштагы украиналык Ирина Коляденко менен беттешти. Ал атаандашынан 9:2 упай менен жеңилип калды. Эртең коло байге үчүн күч сынашат.

Эске салсак, Тыныбекова 1/8 финалдык беттеште нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен күрөшүп, аны 5:1 упай менен жеңип, чейрек финалга чыккан.

Ал эми 1/4 финалдык беттеште АКШлык Кайла Миракл менен күрөшүп, упай 6:6 болду, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу тарапта болгондуктан жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18