12:43, 09 августа 2024, 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы кармалды. 4 млн доллар мүлкү аныкталды

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Ал кримтөбөлдөрү Рысбек Акматбаев менен Камчыбек Асанбектин колдоосу астында коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечкени аныкталган.

Эркин Мамбеталиев көптөн бери кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен алектенип келген. Батирлер, жер тилкелери, коммерциялык мүлктөр, кымбат баалуу автоунаалар түрүндөгү көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү анын жакын туугандарынын атына катталган.

Уюшкан кылмыштуу топко катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлдү. Натыйжада алар ок атуучу куралдардын арсеналын тартып алып, 4 миллион доллардан ашык суммага мыйзамсыз алынган мүлктү аныкташкан.

Мындан улам, Эркин Мамбеталиев КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18