10:00, 09 августа 2024, 24.kg

Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык үч спортчу таймашка чыгат

Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын эки балбаны — Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев алгачкы беттештерин өткөрөт.

Айсулуу Тыныбекованын атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болмокчу. Ал эми 125 килограмм салмакта күч сынаша турган Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келет.

Мындан тышкары коло медаль үчүн жубатуучу мелдешке Бекзат Алмаз уулу кытайлык мушкер менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиададан 4 медаль — 1 күмүш, 3 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков коло медаль утту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18