16:27, 08 августа 2024, 24.kg

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Казакстан президент Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана «Борбордук Азия+Япония» диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;

— билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;

— энергетика министри Таалайбек Ибраев;

— юстиция министри Аяз Баетов;

— Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев;

— экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18