16:05, 08 августа 2024, 24.kg

Англиядагы тополоң. ТИМ кыргызстандыктарды Британияга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Улуу Британияны бир катар шаарларына убактылуу барбай турууга чакырды.

Ведомстводон билдиришкендей, Улуу Британиянын бир катар аймактарында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Ротерхэм, Болтон, Блэкпул, Халл, Бристоль, Сток-он-Трент, Белфаст, ошондой эле Манчестердин жана Ливерпуль шаарларынын аймактарындагы абал турукташканга чейин аталган шаарларга баруудан убактылуу баш тартуу сунушталат.

ТИМ ошону менен бирге, азыркы учурда Улуу Британиянын аталган аймактарында жүргөн Кыргызстандын жарандарын күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоого, сак болууга, эл көп чогулган жерлерге баруудан карманууга жана акыркы жаңылыктарга көз салууга чакырат.

«Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Улуу Британияда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл учурда жардам же кеңеш сурап кайрыла алышат: +44 7341 185777 (WhatsApp)», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18