10:23, 08 августа 2024, 24.kg

Оштогу сел. Жабыркаган балдарга жайкы лагерде эс алуу уюштурулду

Ошто селден жабыркаган балдарга жайкы лагерь уюштурулду. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан жүзгө жакын бала атайын программанын алкагында «Жеткинчек» лагеринде жана шаардык мектептерде он күн эс алышат.

Лагерде болгон мезгилде балдарга мектепке даярданууга жардам берилет. Аларга психологиялык жана медициналык жардам да берилет.

Эскерте кетсек, 14-июлда катуу жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун айылдарында жана Ошто катуу сел жүргөн. Селден төрт киши каза болгон. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Кийинчерээк Өзбекстанда жети жашар кыздын жансыз денеси табылган. Мындан тышкары, элди эвакуациялоо учурунда бир адам каза болгон. Аны жүк ташуучу унаа тебелеп кеткен. Ооруканага жалпысынан 30 адам жардам сурап кайрылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18