09:33, 08 августа 2024, 24.kg

Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык үч спортчу таймашка чыгат

Бүгүн, 8-августта Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык үч спортчу таймашка чыгат.

Алгач саат 15:00до грек-рим балбаны Амантур Исмаилов көңүл жубатуу беттеште күрөшөт. Анын атаандашы сербиялык Мате Немеш болот. Эгер бул кармашты жеңсе, Исмаилов коло үчүн күрөшөт.

Ал эми саат 15:30дан кийин эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу (57 кг) килемге чыгат. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында казакстандык Мейрамбек Картбай менен күч сынашат.

Андан тышкары боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) жарым финалдык беттешин өткөрөт. Ал болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен таймашка түшөт. Беттеш 9-августка караган түнү саат 01:20да башталат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18