16:48, 07 августа 2024, 24.kg

Бишкекте Азербайжандан Кыргызстанга мунай жеткирүүнүн келечеги талкууланды

Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Максат Мамытканов өлкөнүн экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери, анын ичинде Азербайжандан Кыргызстанга мунай жеткирүү жана ата мекендик айыл чарба продукциясын, тактап айтканда, кой этин жана төө буурчакты экспорттоо перспективалары талкууланды.

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Каспий деңизи — Азербайжан» каттамы боюнча жүктөрдү ташуу маселелери, анын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунан улам жүктөрдүн келечектеги көлөмү өзүнчө сүйлөшүлүп, тараптар бул багыт боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу тең пикирге келишти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө уставдык капиталы 100 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлгөн Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ишине да токтолушту

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18